Россия - Вагнер кризиси тууралуу чет өлкөлөрдөн билдирүүлөр келүүдө

АКШ Россия менен Вагнер коопсуздук компаниясынын ортосундагы абалдарды иликтеп жаткандыгын билдирди.

2003905
Россия  -  Вагнер кризиси тууралуу чет өлкөлөрдөн билдирүүлөр келүүдө

Европа Биримдиги  Кеңешинин төрагасы Шарльз Мишель Вагнер тобунун орус башкаруусуна каршы көтөрүлүшү менен башталган окуяларды жакындан байкаганын белгилеп, мунун Россиянын ички маселеси экендигин айтты.

Мишель Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Европа Биримдигинин Россияда болуп жаткан кырдаалды кылдаттык менен байкап жатканын белгиледи.

Европа лидерлери жана G7 өнөктөштөрү менен байланышта болгонун белгилеген Мишель: «Бул ачык эле Росиянын ички маселеси»,-деди. 

Мишель Украинага жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийге болгон колдоосубуз туруктуу", - деди.

АКШ да Россия менен Вагнер коопсуздук компаниясынын ортосундагы абалдарды иликтеп жаткандыгын билдирди.

СННдин кабарына караганда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Адам Ходж Россиянын  коргоо министри Сергей Шойгуга каршы чыккан Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин «куралдуу тобунун Украина чек арасынан өтүп, Россиянын аймагына кирди» деген ырастоосуна байланыштуу билдирүү жасады.

Ходж : «Абалдарга көз салуудабыз. АКШнын президенти Жо Байденге да бул тууралуу маалымат берилди»,- деди. Катчы Ходж союздаштар менен өнөктөштөр менен Россиядагы абалдар тууралуу сүйлөшө тургандарын билдирди.

Польшанын президенти Анджей Дуда да премьер  - министр Матеуш Моравецки жана коргоо министрлигинин жетекчилери менен Россияда болуп жаткан абалдар тууралуу сүйлөшкөнүн белгилеп: «Чыгыш чек арабыздын сыртындагы окуялардын жүрүшү тынымсыз көзөмөлдөнүүдө»,-деди. Дуда Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиядагы абалга байланыштуу союздаш өлкөлөр менен да кеңешкендерин белгиледи.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё Вагнер тобунун орус башкаруусуна каршы көтөрүлүшүнүн «Россиянын ички маселеси» экенин белгилеп: «Россиядагы окуялар Финляндияда да, башка жерлерде да жакындан байкалууда. Президент Путиндин сөзү абалдын олуттуулугун көрсөтүүдө" ,- деди.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич: «Россиядагы окуяларды жакындан байкоодобуз жана тиешелүү органдар учурда абалды жана керектүү кошумча коопсуздук чараларын карап жатат»,-деди.

Ринкевич Латвия жарандарын Россия менен Белорусияга барбоого, ал жактагыларды да мүмкүн болушунча тезирээк бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырганын кайталады.

Британиянын коргоо министрлиги да  берген билдирүүсүндө : "Болгон окуя акыркы учурларда Россия бетме  - бет келген эң олуттуу окуя",- деди. 

Вагнер коопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин орус армиясын лагерине кол салганын айыптап, жооп берүү үчүн аракетке өткөндөрүн билдирген.

Бул боюнча Федералдык коопсуздук кызматы «куралдуу көзгөлөң» деген айыптоо менен  кылмыш ишин козгогон.

Россиянын коргоо министрлиги Вагнердин лагерине кол салды деген айыптоолорун четке какты.



Тектеш кабарлар