Песков Путиндин Москвадан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты
Кремлдин катчысы Песков берген жоопто : «Президент Кремль сарайында иштеп жатат»,- деди.
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин борбор шаар Москвадан чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты.
Орус жалданма аскердик тобу Вагнер козголоң баштаган Ростовдон Москвага карай алдыга жылышын улантуусу менен соцтармактан Путиндин Кремлден чыгып Санкт Петербургга кеткендиги билдирилди.
Кремлден жооп кечиккен жок.
Кремлдин катчысы Песков берген жоопто : «Президент Кремль сарайында иштеп жатат»,- деди.
Ошол эле учурда Путин аскердик абалга каршы чыккандардын 30 күндүк абак жазасына же акчалай жаза менен жазаландырыларына байланыштуу мыйзамды бекитти.
Мыйзамга ылайык, Россия Федерациясынын чектеринин ичинде жүргөн унаалар шаар тышындагы транспорттордун өз маршруттарын аныктап, бул үчүн уруксат алышы керек. Бул эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат же унаасы конфискацияланышы мүмкүн.