ЕБ, АКШ жана НАТО климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшөт

ЕБ, АКШ жана НАТО бул маселелерде жогорку деңгээлдеги жолугушууларды улантууну чечишти.

2002943
ЕБ, АКШ жана НАТО климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшөт

Европа Биримдиги (ЕБ), Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана НАТО климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык коопсуздукка тийгизген таасири менен биргелешип күрөшүү аракеттерин тездетүүнү чечишти.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, АКШнын климат боюнча атайын өкүлү Жон Керри, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Евробиримдик комиссиясынын төрагасынын орун басары Франс Тиммерманс Бельгиянын борбору Брюсселде климаттын өзгөрүшүнүн тынчтык жана коопсуздукка тийгизген таасирин талкуулоо үчүн жолугушуп биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты.

Билдирүүгө караганда тараптар, климаттын өзгөрүшүнүн дүйнө үчүн экзистенциалдык коркунуч экенин, ошондой эле коопсуздук жана коргонууга терс таасирин тийгизгенин белгилешти.

Бул максатта НАТО жана ЕБ, климаттын өзгөрүшүнүн коопсуздук кесепеттерин талкуулоо, мындай таасирлерди жана коопсуздук боюнча активдештирилген диалог үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө темасында кызматташууну улантууну чечишти.

Тараптар келерки айда Литванын борбору Вильнюста өтө турган НАТО саммитинде климаттын өзгөрүшүнүн жана айлана-чөйрөнүн бузулушунун коопсуздук аспектилери, энергияны үнөмдөө, аскердик иш-аракеттерден жана ишканалардан келип чыккан парник газдарынын эмиссиясын өлчөө жана азайтуу сыяктуу оперативдүү маалымат боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого макулдашышты.

ЕБ, АКШ жана НАТО бул маселелерде жогорку деңгээлдеги жыйындарды улантууну чечишти.



Тектеш кабарлар