Израиль аскерлеринин аба соккусунан 4 палестиналык набыт болуп, 42си жараат алды
Аймакта израилдик аскерлер менен палестиналыктардын ортосунда айыгышкан кагылышуулар да болду.




Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына кол салуусунда бири бала болгон 4 палестиналыкты өлтүрүп, 42 палестиналыкты да жаралады, кагылышууда 7 израилдик аскер да жараланды.
Израиль армиясы ондогон бронетехника менен Женинге чабуул жасады. Тинтүү учурунда кээ бир үйлөргө израилдик снайперлер да жайгаштырылды.
Израиль күчтөрү тинтүүгө каршы чыккан жергиликтүү палестиналык жаштарга чыныгы ок, газ жана үн бомбалары менен жооп берди.
Аймакта израилдик аскерлер менен палестиналыктардын ортосунда айыгышкан кагылышуулар да болду.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль аскерлеринин Жениндеги кол салууда бири бала болгон 4 палестиналыкты өлтүргөнү, 42 палестиналыкты чыныгы октор менен жарадар кылганы белгиленди.
Жаракат алгандардын 9унун абалы оор экени белгиленди.
Бир тараптан Израиль армиясынын билдирүүсүнө караганда Жениндеги палестиналык каршы чыгуучулар аймактан чыгарылган кээ бир аскерлерди ташыган брондолгон унааны колго жасалган жардыруучу зат менен бутага алды.
Кол салууда брондолгон унаадагы 7 аскердин жеңил жана орто деңгээлде жараланганы билдирилди.
Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн аймактагы «аба жана кургактык операцияларын» улантканы белгиленди.
Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарына көп жылдан бери биринчи жолу абадан кол салды.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Израиль армиясына караштуу аскердик тик учактын Женин шаарынын кээ бир жерлерине ракета атканы белгиленди.
Израиль армиясы, «Женин аймагында куралчан кишилер аныкталгандан кийин тик учактар ок чыгарды»,деген билдирүү таратты.
Билдирүүдө Израил армиясынын бөлүктөрүнүн 2 палестиналыкты кармоо үчүн Женинге басып киргени билдирилип, чабуулга жооп берген палестиналыктар менен катуу кагылышуулардын болгону белгиленди.
Билдирүүдө Израиль күчтөрү аймактан чыгып баратканда брондолгон аскердик унаалардын бирине колго жасалган жарылуучу зат тийип, унаанын зыянга учураганы белгиленди.
Тик учак менен бомбалоонун максатынын палестиналыктар тарабынан катуу аткылоого дуушар болгон жана жараланган айрым израилдик аскерлерди окуя болгон жерден алып чыгуунун максатталганы белгиленди.