Грециядагы яхта кырсыгы
Би-Би-Синин глобалдык кеме байкоочу чалгындоо сайты MarineTrafficтен алынган байкоо маалыматтарына караганда, Греция өкмөтүнүн ырастоосунун тескерисинче 78 киши каза болгон кайык 7 саатка жакын деңизде кыймылсыз турган.

Грециянын жээктеринде чөгүп кеткен жана ичинде көптөгөн мыйзамсыз иммигранттар каза болгон кайык кырсыкка чейин 7 саатка жакын деңизде кыймылсыз турганы белгилүү болду.
Би-Би-Синин глобалдык кеме байкоочу чалгындоо сайты MarineTrafficтен алынган байкоо маалыматтарына караганда, Греция өкмөтүнүн ырастоосунун тескерисинче 78 киши каза болгон кайык 7 саатка жакын деңизде кыймылсыз турган.
Грециянын жээк коопсуздугу окуя болгон учурда кайыктын Италияга карай багыт алганын, ал эми кемеден эч кандай жардам чакырыгы болбогонун жана борттогулардын акыркы учурга чейин коркунучта болбогонун билдирген.
Грек өкмөтү Би-Би-Синин дооматтарына азырынча жооп бере элек.
14-июнда Грециянын Мора жарым аралындагы Наварино шаарынан 47 деңиз миль аралыкта эл аралык сууларда мыйзамсыз мигранттарды ташыган балыкчы кайыгы оодарылып кеткен.
Окуяда 78 адам каза болуп, 104 киши куткарылып, Каламата портуна жеткирилген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк кеменин оодарылышынан кийин араларында аялдар жана балдар да болгон 500 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.
Тектеш кабарлар

Трамп Газа тилкесин талап кылуу боюнча өжөрдөнүүдө
Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Газаны басып алуу планына карата баа берди.