Украинада эвакуация иштери улантылууда
Каховка ГЭСинин өткөн жумада жарылуусунан улам суу астында калган 45тен ашуун конуштан жарандарды куткаруу аракеттери жүргүзүлүүдө.
Украинадагы Каховка плотинасынын жана ГЭСтин жарылуусунан кийин селден жабыркаган аймактардан жарандарды Одесса шаарына эвакуациялоо уланууда.
Каховка ГЭСинин өткөн жумада жарылуусунан улам суу астында калган 45тен ашуун конуштан жарандарды куткаруу аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ушул убакка чейин 2 миң 700дөн ашуун киши эвакуацияланган аймактан жарандардын бир бөлүгү топ түрүндө автобустар менен Одессага алып барылса, бир бөлүгү өлкөнүн ар кайсы аймактарына жөнөтүлүүдө.
Күнүнө 100гө жакын киши алып барылган Одессада жарандар жатакана жана мейманканаларга жайгаштырылууда. Бул жерде эвакуациялангандарга күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн материалдык жардам берилүүдө.
Бир тараптан Украинанын ички иштер министрлиги Каховка плотинасынын бомбаланышынан улам сел каптаган отурукташуу жерлеринин жетөөсүндө суунун толугу менен тартылгандыгын маалымдады.
Министрликтин соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Ольгивка, Микайливка, Львов, Бургунка, Степанивци, Бобровий Кут жана Заповит айылдарынан суу толугу менен тартылды»,- деп айтылды.
Билдирүүдө Херсон аймагындагы Днепр дарыясынын оң жак жээгинде 28 отурукташу жеринин суу астында экендиги белгиленди.