ДССУ «суу аркылуу тараган оору эпидемиясынан» тынчсыздангандыгын билдирди

Бул тууралуу ДССУнун Украинадагы өкүлү Ярно Хабихт маалымат берди.

1999729
ДССУ  «суу аркылуу тараган оору эпидемиясынан» тынчсыздангандыгын билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Украинада Каховка плотинасы жана ГЭСинин жарылуусунан кийин болгон суу каптоодон жабыркаган аймактарда «суу аркылуу тараган оору эпидемиясынан» тынчсыздангандыгын билдирди.

Бул тууралуу ДССУнун Украинадагы өкүлү Ярно Хабихт БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында : «Ушул кезге чейин мындай эпидемияларга байланыштуу отчет келген жок бирок ДССУ эпидемияларга кийлигишүү үчүн  даяр. ДССУ су менен жуккан оорулар тууралуу коомчулукту маалыматтандыруу үчүн иштерди жүргүзүүдө»,- деди.

Аймакта жүз миңдеген кишинин таза сууга муктаж экендигин белгилеген Хабихт кыйраган плотинанын айланасындагы 30 отурукташуу аймагынын суу астында калгандыгын айтты.

Хабихт ДССУнун жергиликтүү калктын коомдук саламаттыкты сактоо топтору менен иштеп жатканын белгилеп, холера комплекттерин таратышарын да айтты.

Аймактагы миналардын да тынчсыздануу жараткандыгын белгилеген Хабихт буларды айтты : «ДССУ үчүн аймактагы миналар алдыңкылыктардын арасында. Аймакта суунун деңгээли көтөрүлдү бирок бул алдыбыздагы күндөрдө төмөндөйт. Бул абал аймакта мина коркунучун да  күчөтүшү мүмкүн. Эң кыска убакытта миналардын турган жерлери тууралуу маалыматтар чогултулушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар