Дмитрий Песков Украина жерлеринде «санитардык аймакты»  түзүүгө байланыштуу баа берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинадан келген кол салууларга каршы орус жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өлкөдөгү аскердик инфраструктуранын санитардык аралыкка жылдырылышы керектигин айтты.

1999786

Песков Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина жерлеринде «санитардык аймактын»  түзүлүшүнө байланыштуу маалыматына баа берди.

Украина жерлеринен Россия жерлериндеги социалдык инфраструктурага, жарандардын үйлөрүнө жана жарандарга карата кол салуулардын болгондугун айткан Песков Киевдин комплекстүү жана алыс аралыкка атуучу куралдарга ээ экендигине көңүлдөрдү бурду.

Песков : «Ошондуктан жарандардын коопсуздугун түзүү үчүн бул аскердик инфраструктуранын санитардык бир аралыкка жылдырылышы керек»,- деди.

Путиндин Кара деңиз дан коридору келишимин акырына чыгарышы мүмкүн экендиги тууралуу сөздөрүнө да токтолгон Песков Россиянын көптөгөн жолу келишимди узартуу менен жакшы ниетин  көрсөткөндүгүн жана жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгын айтты.

Песков : «Бирок тилекке каршы баш  - аламандык жана батыштын Россия менен келишимдердин бир бөлүгүн орундатууну каалабагандыктан албетте бул жакшы ниет жана саясий түбөлүк болбойт»,- деди.

Песков  Россиянын убакыттын толушу менен келишимден чыгышы мүмкүн экендигин да сөздөрүнө кошту.

Тектеш кабарлар