Украинада селден каза болгондордун саны 10го жетти

Украинанын Ички иштер министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Каховка суу сактагычынын жарылышынын натыйжасында келип чыккан селден зыян тарткан Херсон жана Николаев облустарындагы акыркы абал тууралуу маалымат берилди.

1998713
Украинада селден каза болгондордун саны 10го жетти

Украинада Каховка ГЭСинин жардырылышынан улам пайда болгон селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10го, дайынсыз жоголгондордун саны 42ге жеткени маалымдалды.

Украинанын Ички иштер министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүсүндө Каховка суу сактагычынын жарылышынын натыйжасында келип чыккан селден зыян тарткан Херсон жана Николаев облустарындагы акыркы абал тууралуу маалымат берилди.

Херсон аймагындагы 46 калктуу пункттун суу астында калганы белгиленген билдирүүдө 2 миң 743 кишинин эвакуацияланганы маалымдалды.

Херсондо каза болгондордун саны 8ге, Николаев облусунда 2ге жеткени маалымдалган билдирүүдө, Херсондо жоголгондордун саны 42ге жеткени белгиленди.

Херсон облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Александр Прокудин да социалдык медиа эсебинен видео билдирүү жасап, Херсондо суунун деңгээли болжол менен 3,3 метрди түзгөнүн, жарым күндө суунун деңгээли 64 сантиметрге азайганын айтты.

Украинанын Херсон облусундагы Каховка суу сактагычы жана ГЭСи 6-июнда сокку урулуп талкаланган.

Украина менен Орусия дамбанын бузулушу үчүн бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты.



Тектеш кабарлар