Евробиримдик: "Украинага 13 миллиард евро керек"

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасынын орун басары Валдис Домбровскис «Украинадагы Каховка суу сактагычынын урашынын кесепеттери» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

1998998
Евробиримдик: "Украинага 13 миллиард евро керек"

Европа Биримдигинин (ЕБ) Комиссиясы, Орусия менен согушуп жаткан Украинанын чукул калыбына келүү муктаждыктарынын алкагында 2023-жылдагы муктаж болгон кошумча каржылык жардамдын 13 миллиард евро экенин билдирди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасынын орун басары Валдис Домбровскис, Франциянын Страсбург шаарында өткөрүлгөн Европа Парламентинин (ЕП) Башкы ассамблеясында «Украинадагы Каховка суу сактагычынын урашынын кесепеттери» аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Домбровскис Украинанын реконструкция жана калыбына келтирүү үчүн кошумча жардамга муктаж экенин жана Евробиримдик катары бул өлкөгө жардам берүүнү уланта тургандарын билдирди.

Домбровскис: «Украина быйыл чукул калыбына келүү муктаждыктарынын алкагында кошумча колдоого муктаж. Зыянды аныктоо жана баалоо иштери Украинанын 2023-жыл үчүн чукул муктаждыктарынын 13 миллиард евронун тегерегинде экенин көрсөтүүдө»,- деди.

Домбровскис чукул муктаждык тармактарын жарандык жана социалдык инфраструктура, энергетикалык инфраструктура, турак-жай курулушу, жеке секторду өнүктүрүү жана гуманитардык максатта миналарды тазалоо катары санап өттү.

Евробиримдиктин Украинага 2022-2023-жылдардагы макро каржылык жардамынын ушул убакка чейин 15 миллиард еврого жакындаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар