Украина армиясы Бахмут багытында алдыга жылып баратат
Сергей Череватый армиянын Бахмут багытында 1400 метр алдыга жылгандыгын билдирди.
1997968

Украина куралдуу күчтөрүнүн катчысы Сергей Череватый армиянын Бахмут багытында 1400 метр алдыга жылгандыгын билдирди.
Череватый бир телекөрсөтүү программасына чыгыш фронтундагы абалга байланыштуу маалымат берди. Украина армиясынын Бахмут багытына карай бара жаткнадыгын белгилеген Череватый : "Акыркы бир күндө фронт линиясынын түрдүү жерлеринде 1400 метрге чейин алдыга жылдык. Душман активдүү коргонууда жана бөлүктөрүбүздү атууда",- деди.
Акыркы бир күндө Бахмут багытында 6 кагылышуунун болгондугун айткан Череватый орустардын Украина бөлүктөрүнө карата 330 артиллериялык жана 8 абадан чабуул болгондугун билдирди.