Ковид - 19дун мээ клеткалары менен биригиши
Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид- 19) мээнин клеткалары менен бириге алары далилденди.

Жаңы типтеги коронавирустун (Ковид- 19) мээнин клеткалары менен бириге алары далилденди.
Drug Target Review кабарына ылайык, Австралиянын Квинсленд университетинин изилдөөчүлөрү Ковид-19 вирусунун биригүү жолу менен мээдеги нейрондор менен глиа клеткаларынын мембраналарынан өтө аларын далилдешти.
Эксперименттерде лабораториядан алынган чычкандардын жана адамдын мээсинин культуралары жашыл флуоресценттик протеин (GFP) менен белгиленип, Ковид-19 вирусу (SARS-CoV-2) жуккан.
Вирустун нейрондор менен глиа клеткаларынын мембраналары аркылуу биригүү жолу менен өтүп, клетка аралык байланыштарды түзө ала турганы байкалган.
Изилдөөчүлөрдөн Мартинес-Мармол адабияттардагы жалпы ишенимдин вирус мээге киргенде клетканын өлүшү мүмкүн же инфекция байкала алат деген эки ыктымалдуулуктун бар экендигин айтып : «Бирок биз үчүнчү бир мүмкүнчүлүктү далилдедик. Бул нейрон синтези",- деди.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Ковид-19дун кыймылын түшүнүү АИВ, кутурма, кызамык, Зика жана нерв системасына чабуул кылган башка вирустардын невропатологиясын жана иштешин белгилөөдө маанилүү.
Тектеш кабарлар

Арменияда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган 8 адам кармалды
Бул тууралуу Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарында маалымат орун алды.