Украина : Херсондо суунун деңгээли 20 сантиметрге азайды

Александр Прокудин Каховка плотинасынын  бомбалынышы менен Херсон аймагында көтөрүлгөн суунун деңгээли 20 сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди.

1997650
Украина : Херсондо суунун деңгээли 20 сантиметрге азайды

Украинада Херсон аймагынын Аскердик башкаруусунун төрагасы Александр Прокудин Каховка плотинасынын  бомбалынышы менен Херсон аймагында көтөрүлгөн суунун деңгээли 20 сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди.

Прокудин социалдык медиа эсебинен жасаган видео билдирүүсүндө селден жабыркаган Херсон аймагындагы акыркы абалдар тууралуу маалымат берди..

Прокудин суунун деңгээлинин төмөндөө тенденциясынын байкалып жаткандыгын билдирип : "Түн ичинде суунун 20 сантиметрге төмөндөгөнүн көрүп жатабыз. Эртең мененки саатка карата аймакта суунун деңгээли 5,38 метрди түздү. Херсон шаарында 5,35 метрди түздү",- деди.

Прокудин аймактагы 32 конушта 3624 үйдүн суу астында калгандыгын, 2352 адамдын жана 550гө жакын малдын эвакуацияланганын айтты.

Украина ГЭСтер корпорациясынын (Укргидроэнерго) социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта Каховка плотинасындагы суу деңгээлинин төмөндөөнү улантып жатканы белгиленди.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн тарта Николполь шаарына жакын жердеги плотинанын суусунун деңгээли 11,74 метр экендиги белгиленген билдирүүдө : «Акыркы бир күндө плотинадагы суунун деңгээли 1 метрге дагы төмөндөдү. 6 -  июнь күнү эрте менен бери суу 4,7 метрге азайды»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар