Швейцариядан Украинага жардам

Швейцария басма сөздө орун алган кабарга караганда, Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат комитетинин беш-он жылга созула турган жардам пакети сунушу четке кагылды.

1997640
Швейцариядан Украинага жардам

Швейцариянын Өкүлдөр палатасы, Украинага колдоо көрсөтүү үчүн 5 миллиард швейцариялык франк (5,5 миллиард доллар) өлчөмүндөгү жардам пакетин четке какты.

Швейцария басма сөздө орун алган кабарга караганда, Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат комитетинин беш-он жылга созула турган жардам пакети сунушу четке кагылды.

Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис чечимге байланыштуу билдирүүсүндө, Швейцариянын украин калкы үчүн үч колдоо пакетин даярдаганын жана уланып жаткан согуштан улам кайрадан калыбына келтирүү муктаждыгынын канча болорун алдын ала биле албагандарын айтты.

Кассис: «Швейцария учурда Украинага чоң каржылык салым кошту. Швейцария өкмөтү 2025-2028-жылдар аралыгында Украинага жана аймакка 1,5 миллиардга жакын франк бөлдү»,-деди.

Жардам пакетинин гуманитардык жардам, карапайым калкты коргоо, миналардан тазалоо жана тынчтыкты орнотуу үчүн колдонулушу пландалган.

Мындай чечимдин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Швейцария парламентинде сүйлөй турган сөзүнө бир жума калганда кабыл алынганы айтылды.

Украинага жардам берүү темасынын 12-июнда кайрадан парламенттин күн тартибине чыгышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар