Россияда имараттын үстүнө учкучсуз учуучу аппарат кулады
Россиянын Украина чек арасына жакын Воронеж шаарында бир имаратка учкучсуз учуучу аппарат келип түшүп, 3 киши жаракат алды.
Россиянын Украина чек арасына жакын Воронеж шаарында бир имаратка учкучсуз учуучу аппарат келип түшүп, 3 киши жаракат алды.
Россиянын Воронеж шаарында эртең менен учкучсуз учуучу аппарат кулап түшкөн.
Катуу соккудан улам имаратта өрт чыгып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруу топтору жиберилди.
Кийлигишүүдөн кийин өрттүн өчүрүлүп, окуяда 3 киши жеңил жаракат алып, дарылануу үчүн ооруканага алып барылды.
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков окуя тууралуу берген маалыматында Украинаны айыптады.
Песков : "Киев режими жарандык объектилерге жана адамдар жашаган имараттарга чабуулун улантууда. Бирок биз дагы согушууну, атайын аскердик операцияны улантуудабыз", - деди.
2022 - жылы 24 - февралда Россиянын президенти Владимир Путин Украинаны оккупациялоо буйругун берген жана Россия - Украина согушу башталган. Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө тоскоол болуу жана Россиянын таасири астында кармоо үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылып жатканын айткан.