Путин : "Беларуска өзөктүк куралдарды жайгаштырабыз"
Россиянын президенти Владимир Путин Беларуска орус өзөктүк куралдарын 7 - 8- июлдан кийин жайгаштырыла баштай тургандыгын билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин Беларуска орус өзөктүк куралдарын 7 - 8- июлдан кийин жайгаштырыла баштай тургандыгын билдирди.
Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Россиянын Сочи шаарында жолугушту. Жолугушуунун башында сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук жана экономикалык маселелер тууралуу сүйлөшүшө тургандарн айтты.
Бул багытта карым-катнаштардын абдан жакшы өнүккөнүнө көңүл бурган Путин, коопсуздук жаатындагы өнүгүүлөрдүн туруктуу, ал тургай жакшы экенин белгиледи.
Эки өлкөнүн коопсуздук тармагында жакшы кызматташтыкта экенине көңүл бурган Путин, мурда Беларуска жөнөтүлө турганын жарыялаган тактикалык өзөктүк куралдарга да токтолду.
Бул багытта карым-катнаштардын абдан жакшы өнүккөнүнө көңүл бурган Путин, коопсуздук тармагындагы өнүгүүлөрдүн туруктуу, ал түгүл жакшы экендигин белгиледи.
Эки өлкөнүн коопсуздук тармагында жакшы кызматташтыкта экенине көңүл бурган Путин, мурда Беларуска жөнөтүлө турганын жарыялаган тактикалык өзөктүк куралдарга токтолуп : "Макулдашылган курч темаларда бары пландалгандай жүрүп жатат. 7 - 8 - июль күндөрү тийешелүү объектилердин даярдыктары бүткөрүлөт жана тийиштүү курал түрлөрүнүн Беларуска жайгаштырылышы тууралуу чараларды көрө баштайбыз. Тактап айтканда баары пландалгандай жана баары туруктуу",- деди.
Путин март айындагы билдирүүсүндө НАТОнун башка өлкөлөргө тактикалык өзөктүк куралдарын жайгаштырганын белгилеп, Россиянын да бул куралды Беларуска жайгаштырарын жарыялаган.
Путин ошондой эле Беларуска жогорку тактыктагы «Александр» ракеталык системаларын жеткиргендерин эске салып, бул системалардын тактикалык өзөктүк курал менен жабдыла тургандыгын айткан.
Лукашенко да өлкөдө СССР мезгилиндеги өзөктүк куралдарды жайгаштыруу үчүн объектилер даярдала тургандыгы тууралуу маалымат билдирген.