Захарова: «Эрдогандын билдирүүлөрүнө көңүл бурабыз»

Мария Захарова борбор шаар Москвада апталык маалымат жыйынында күн тартибиндеги маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

1996919
Захарова: «Эрдогандын билдирүүлөрүнө көңүл бурабыз»

Орусиядан Түркия менен мамиле жана кызматташтыкты жакшыртуу боюнча билдирүү...

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова борбор шаар Москвада апталык маалымат жыйынында күн тартибиндеги маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

Түркиядагы жаңы өкмөттүн Орусия жана АКШ менен тең салмактуу карым-катнаштарды сакташын күтөсүздү деген суроого жооп берген Захарова, эң оболу Түркиянын шайланган президенти Эрдогандын, «Анкаранын Орусия менен эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу, көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жатканы тууралуу билдирүүлөрүнө көңүл бургандарын айтты.

Басма сөз катчы Захарова: «Биз мындай конструктивдүү позицияны кубаттайбыз. Кызыкчылыгыбыз үчүн ушундай кош түшүнүктүн ишке ашырылышын колдойбуз жана жыйынтыктарга байкоо салабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар