Сергей Шойгу Запорожьедеги кагылышуулар тууралуу маалымат берди

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украина армиясынын Запорожье аймагындагы орус бөлүктөрүнүн коргонуусун бузуу аракетинин мизи кайтарылгандыгын билдирди.

1997261

Запорожье фронтундагы кагылышуулар тууралуу маалымат берген Шойгу : «Бүгүн саат 01:30да Украина армиясы 1500гө жакын аскер жана 150 ок өткөрбөс унаа менен Запорожье багытындагы коргонуубузду бузууга аракет кылды»,- деди.

Кол салуу убагында аныкталгандыгын жана артиллериялык, аба күчтөрү жана  танкка каршы куралдар менен жооп кайтарылганын белгилеген Шойгу : «Душман бардык тараптан токтотулду жана оор жоготууларды бергенден кийин артка чегиништи. Эки саатка созулган кагылышууда душман 30 танкын, 11 жөө аскер унаасын менен 350 аскерин жоготту»,- деди.

Шойгу Россия - Украина согушундагы кечээки окуяларга да баа берип : «7-июндагы кагылышууда душман 945 аскерин, 33 танкын, 28 жөө аскерин, 38 бронетехникасын жана башка куралдарын жоготту»,- деп билдирди.

Тектеш кабарлар