Мароккодо имарат кулап эки киши каза болду

Урандылардын астында дагы 3 кишинин бар экени, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы билдирилди.

1997263
Мароккодо имарат кулап эки киши каза болду

Марокконун Медюна провинциясында жеке фирмага таандык имараттын жарым-жартылай кулашы менен эки киши каза болду.

Мароккодогу Канал 2 телеканалынын кабарына караганда, Медюнага караштуу  Тит Меллил шаарынын өнөр жай аймагындагы текстиль фирмасынын имараты урап түшкөн.

Окуяда эки киши каза болуп, беш киши  жаракат алды.

Урандылардын астында дагы үч  кишинин бар экени, издөө-куткаруу иштеринин уланып жаткандыгы  билдирилди.

Имараттын уроо себептери тууралуу азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар