Блинкен Пекинге сапар үчүн даярданууда

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айдын аягында Кытайга барышы мүмкүн экендиги билдирилди.

1997253
Блинкен Пекинге сапар үчүн даярданууда

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айдын аягында Кытайга барышы мүмкүн экендиги билдирилди.

Америкалык жана кытайлык жооптууларга таянган Wall Street Journal гезитинин кабарында Блинкендин айдын аягында Кытайга сапар менен барары мүмкүн экени маалымдалды.

Кытай менен АКШнын ортосунда чыңалууга жол ачкан «тыңчы шар» окуясынан мурда Блинкендин февраль айында Кытайга барууну  пландагандыгы эске салынып, бул сапарга байланыштуу азыркы учурда эки тараптын тең даярдыктарын баштагандыгы жарыяланды.

Блинкендин борбор шаар Пекинде Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук тышкы карым  - катнаштар комиссиясы кеңсесинин директору Ван И, Кытайдын тышкы иштер министри Чин Ган жана башка жогорку мартабалуу жетекчилер менен жолугушары күтүлүп жаткандыгы белгиленген кабарда АКШлык министрдин Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпин  менен жолугушуп же жолугушпай тургандыгы боюнча чечкиндүү эмес экендиги маалым болду.

Энтони Блинкен февраль айында АКШ аба мейкиндигине кирген шар атып түшүрүлгөн кризистен улам Кытайга пландалган сапарын токтоткон.

Дипломатиялык мамилелер кризистен улам үзгүлтүккө учурап, АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Кытайдын эң жогорку даражалуу дипломаты, Кытай Коммунисттик партиясынын  Борбордук тышкы карым  - катнаштар комиссиясы кеңсесинин директору Ванг И 10-11-майда Австриянын Вена шаарында өткөргөн жолугушууда карым  - катнаштарды калыбына келтирүү боюнча кадам таштаган.  



Тектеш кабарлар