АКШда абанын сапаты эң начар деңгээлде

Нью-Йорк шаарын жана анын айланасын түтүн каптады.

1996869
АКШда абанын сапаты эң начар деңгээлде
abd hava kirliligi.jpg
abd hava kirliligi.jpg

Канададагы токой өрттөрү Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) да жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Нью-Йорк шаарын жана анын айланасын түтүн каптады.

Адамдар коргонуу үчүн беткап кийе башташты.

Ньюарк жана ЛаГуардия аэропортторунда каттамдар үзгүлтүккө учурады.

Шаарда абанын сапаты бардык катталган убакыт аралыгындагы эң начар деңгээлге жетти.

АКШнын президенти Жо Байден Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө өрткө каршы күрөшүүдө көрсөтүлө турган кошумча колдоонун чоо-жайы талкууланды.

114 миллион адамга таасир эткен абанын булгануу коркунучу азайып жума күнгө чейин улануусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар