Украина : Херсон аймагында селдин күчү азаюда

Прокудин социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Каховка плотинасынын жарылуусунан улам аймактагы сел тууралуу маалымат берди.

1996535
Украина : Херсон аймагында селдин күчү азаюда

Украинанын Херсон облусунун Аскердик башкармалыгынын башчысы Александр Прокудин аймактагы Каховка плотинасы жана ГЭСнин  жарылышына байланыштуу жүргөн селдин күчүнүн азайганын билдирди.

Прокудин социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Каховка плотинасынын жарылуусунан улам аймактагы сел тууралуу маалымат берди.

Аймакта кечээ кечинде өзгөчө окуянын катталбагандыгын белгилеген Прокудин : «Селдин күчү азайды бирок плотинадагы олуттуу чыгымдан улам суу агууну улантууда. Божомолдорго караганда суунун деңгээли 20 саатта бир метр дагы жогорулайт»,- деди.

Прокудин бүгүн эртеден тарта Херсон аймагындагы Днепр дарыясынын оң жээгиндеги 1852  үйдү суу басканын, 1457 адамдын эвакуацилангандыгын билдирди.

Прокудин аймактан жалпы  40 миң адамдын эвауацияланышы керектигин белгиледи.

Херсон аймагынан өткөн Днепрдин бир тарабы Россиянын көзөмөлүндө.

Россиянын көзөмөлүндөгү Новая Каховка шаарынын мэри Владимир Леонтьев жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына шаарда суу деңгээлинин акырындык менен түшө баштагандыгын жана абалдын көзөмөлдө экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар