Россиянын тышкы иштер министрлиги : "Украина амиак куурун жардырды"

Министрликтен берилген маалыматта  5 -  июнда Москва убактысы боюнча саат 21:00дө Харьков аймагындагы  Масютовка калктуу пунктуна жакын өткөн куурдун жардырылгандыгы белгиленди.

1996738
Россиянын тышкы иштер министрлиги : "Украина амиак куурун жардырды"

Россиянын коргоо министрлиги  «Украиналык диверсиялык жана чалгындоо тобунун Харьков аймагына жакын Тольятти  -  Одесса аммиак куурун жардырганын" жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта  5 -  июнда Москва убактысы боюнча саат 21:00дө Харьков аймагындагы  Масютовка калктуу пунктуна жакын өткөн куурдун жардырылгандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Украиналык диверсиялык жана чалгындоо тобу (Украинанын түндүк  - чыгыш аймагындагы аянт) Харьков аймагына жакын Тольятти  -  Одесса аммиак куурун жардырды. Бул террордук кол салуунун натыйжасында жарандар жараланды. Жана жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлдү»,- деп айтылды.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова болсо жардырылган куурга барууга мүмкүнчүлүк түзүлө турган болсо, оңдоо иштеринин  1 айдан 3  айга созулушу мүмкүн экендигин, окуяны аныктоо үчүн аракет кылышарын айтты. Захарова куурдун кайрадан иштеши менен алектенбеген тараптын Украина экендигин жактады.

22 -  июлда Стамбулда кол коюлган Дан коридору келишиминде Россиядан чыгып Украина аркылуу  өтүп, Кара деңизге түшкөн Тольятти  -  Одесса аммиак куурунун колдонууга ачылышы да орун алган. Бирок Россия Украинанын бул куурду колдонууга ачууга уруксат бербегендигин белгилеп, келишим боюнча куурдун баштапкы абалына келтирилишин каалап жатат.

 



Тектеш кабарлар