Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши Кара деңиз дан демилгесин улантууну колдойт

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин баш катчысы Касим Мухаммед аль-Будейви  Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин Кара деңиз дан демилгесин улантууну колдой турганын билдирди.

1996751

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин  веб-сайтында орун алган кабарга караганда Будейви Бириккен Улуттар Уюмунун  Кара деңиз дан демилгесинин координатору Абдуллах Абдуссамед Дешти менен Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Рияддагы Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин борборунда жолугушту.

Коопсуз деңиз коридору аркылуу Украинанын буудай, азык  - түлүк жана жер семирткичтерди  экспорттоодогу акыркы абалдарды сүйлөшкөн эки тарап Кара деңиз дан демилгесинин буудай жана дандардын өткөрүлүшүнө карата кыймыл механизми менен мунун глобалдык азык  - түлүк коопсуздугундагы туруктуулуктун сакталышынын мааниси каралды.

Эки тарап өзгөчө акыркы аймактык жана эл аралык абалдардан да сөз кылды.

Жолугушууда Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин  башкы катчысы Будейви дан жана жер семирткичтерди өткөрүү боюнча Кара деңиз дан демилгесин улантууну колдой тургандыктарын баса белгиледи.

Демилгенин координатору Дешти, БУУнун демилгенин кеңейиши үчүн жасаган аракеттери тууралуу маалымат берди.

Тектеш кабарлар