Каховка суу сактагычы НАТОдо талкууланат
НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин жетекчилигиндеги жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да видеоконференция аркылуу катышат.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жетекчилигинде НАТО-Украина комиссиясы Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулуп, Украинадагы окуялар жана Каховка cуу сактагычынын соккусуна байланыштуу элчилер деңгээлинде сүйлөшөт.
НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин жетекчилигиндеги жыйынга Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да видеоконференция аркылуу катышат.
Столтенберг социалдык медиадагы билдирүүсүндө Кулеба менен сүйлөшкөнүн, дамбанын кыйрашынан улам миңдеген кишинин жер которгондугун жана Украинанын экологиялык кырсыкка кабылганын белгиледи.
Украинанын түштүгүндөгү Херсон аймагындагы орустар көзөмөлдөгөн Каховка суу сактагычы менен ГЭСтин кечээ бомбаланганы жарыяланды.
Суу ташкынынан улам аймак чоң экологиялык кырсыкка кабылганы жарыяланды.
Украина менен Орусия дамбанын бузулушу үчүн бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты.