Каховка дамбасынын селинен 7 адам дайынсыз жоголду

Каховка суу сактагычы бомбалоодон катуу жабыркагандыктан Днепр дарыясында суунун деңгээли тез көтөрүлгөн.

1996701
Каховка дамбасынын селинен 7 адам дайынсыз жоголду

Украинанын Херсон облусунда Орусиянын көзөмөлүндөгү Каховка дамбасынын урашынан кийин суу астында калган аймакта кеминде 7 кишинин дайынсыз жоголгону кабарланды.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги, кыйраган Каховка дамбасынын суусунун тегеректеги аймактарды каптап кетишинин себебинен кеминде 7 адамдын дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Каховка суу сактагычы бомбалоодон катуу жабыркагандыктан Днепр дарыясында суунун деңгээли тез көтөрүлгөн.

Аймактагы Жаңы Каховка шаарынын борбору суу астында калып, аймактан тартылган видеолордо суунун деңгээлинин имараттардын экинчи кабатына чейин көтөрүлгөнү байкалган.

2022-жылдын 24-февралында башталган согуштун алдында орус бийлиги болжол менен 44 миң калкы бар шаарды жана селден жабыркаган Голопристанский, Алешки аймактарын көчүрүү чечимине келген.

Орусия менен Украина окуя үчүн бири-бирин айыпташты.



Тектеш кабарлар