Гутерриш: «Бул Орусиянын Украинага басып киришинин дагы бир коркунучтуу кесепети экени анык»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде журналисттерге маалымат берди.

1996402
Гутерриш: «Бул Орусиянын Украинага басып киришинин дагы бир коркунучтуу кесепети экени анык»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы Каховка дамбасынын урап калышына байланыштуу: «Бул Орусиянын Украинага басып киришинин дагы бир коркунучтуу кесепети экени анык»,-деди.

Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде журналисттерге маалымат берди.

Аймактан тартылган видеолордун коркунучтуу экенин белгилеген Гутерриш, БУУнун Каховка суу сактагычынын кыйрашына себеп болгон абал тууралуу өз алдынча маалыматка ээ болбогонуна көңүл бурду.

Гутерриш кол салуулардын натыйжасында суу ташкындары, массалык эвакуациялар, экологиялык кыйроолор жана жаңы эгилген эгиндердин жок кылынышы байкалганын белгилеп, Европанын эң чоң атомдук объектиси Запорожье атомдук станциясына карата коркунучтун да күчөгөнүн айтты.

Кеминде 16 миң кишинин үй-жайынан ажыраганын жана миңдеген кишинин таза сууга жетүүсүнүн коркунучка түшкөнүн белгилеген Гутерриш, БУУ жана гуманитардык жардам өнөктөштөрү аларга колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Гутерриш: «Бүгүн болгон трагедия согуштун адамдарга болгон коркунучтуу таасиринин дагы бир мисалы», - деди.

Жарандык жана жарандык инфраструктурага жасалган кол салуулардын соңуна чыгышы керектигин баса белгилеген Гутерриш, жоопкерчилик жана эл аралык гуманитардык укукка урмат көрсөтүү үчүн чара көрүлүшү керектигин айтты.

Гутерриш Украинадагы Каховка суу сактагычынын кыйрашына байланыштуу: «Бул Орусиянын Украинага басып киришинин дагы бир коркунучтуу натыйжасы экени анык»,-деди.

Украинанын Херсон облусунда орустар көзөмөлдөгөн Каховка суу сактагычы бомбалоодон чоң зыянга учурагандыктан, Днепр дарыясында суунун деңгээли тез көтөрүлгөн.

Облустагы Жаңы Каховка шаарынын борборун суу каптады.

Орус бийликтери шаарды жана селден зыян тарткан Голопристанский жана Алеши аймактарын эвакуациялоо чечимине келген.



Тектеш кабарлар