Финляндия 9 орус дипломатын өлкөдөн чыгарат

Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, президент Саули Ниинистёнун учурдагы абалды талкуулоо үчүн Министрлер кеңешин чогултканы белгиленди.

1996350
Финляндия 9 орус дипломатын өлкөдөн чыгарат

Финляндия өкмөтү, Орусиянын Хельсинкидеги элчилигинде иштеген 9 чалгын кызматкерин депортациялоо чечимин кабыл алды.

Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, президент Саули Ниинистёнун учурдагы абалды талкуулоо үчүн Министрлер кеңешин чогултканы белгиленди.

Жыйында Орусия-Украина согушу жана Европадагы коопсуздук абалынын талкууланганы маалымдалган билдирүүдө: «Президент жана Министрлер Кеңеши, Каховка дамбасынын кыйрашын гуманитардык жана экологиялык кырсык катары айыптайт. Дамбанын жарылуусу Украинадагы жарандарга жана айлана-чөйрөгө кеңири зыян келтирген согуштун жаңы түрдө жүрүп жатканын билдирет. Ошондой эле Орусиянын Хельсинки элчилигинде иштеген жана чалгын кызматкери болгон 9 кишини депортациялоо чечими кабыл алынды. Бул кишилердин иш-аракеттери дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына каршы келет. Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу Орусиянын элчисине маалымат берет»,-деген сөздөр камтылды.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги да Твиттердеги билдирүүсүндө, Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн чакыртылып, Орусиянын Хельсинкидеги элчилигинде иштеген жана чалгынчы экени аныкталган 9 кишинин депортациялангандыгынын билдирилгени айтылды.



Тектеш кабарлар