БУУнун Коопсуздук Кеңеши Каховка суу сактагычы боюнча чукул жыйынга чогулду

Украинанын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынга чогулду.

1996437
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Каховка суу сактагычы боюнча чукул жыйынга чогулду

Украинадагы Каховка суу сактагычынын кыйрашынан кийин чукул жыйынга чогулган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Орусия менен Украинанын делегациялары кол салуу үчүн бири-бирин айыпташты.

Украинанын талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынга чогулду.

Бул жерде сөз сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана чукул кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс: «Каховка суу сактагычынын бузулушунан келтирилген зыян ансыз да жаңжалдан жапа чеккен адамдардын жашоосу бир топ кыйындайт дегенди билдирет», - деди.

БУУнун чукул милдети сөз болуп жаткан адамдардын аман калышын камсыз кылуу экенин белгилеген Гриффитс жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдирди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя анын өлкөсү «координацияланган дезинформация өнөктүгүнө» туш болгонун жана Орусия дамбаны жардырган имиш деп билдирди.

Сөз болуп жаткан дооматтардын «шизофрения» экенин белгилеген Небензия : «Киев тарабынан маанилүү инфраструктура объектилерине атайылап зыян келтирүү абдан кооптуу жана согуш кылмышы же террордук кол салуу катары мүнөздөлүшү мүмкүн»,-деп айтты.

Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кыслица: «Бул Украинанын маанилүү инфраструктурасын бутага алган террордук чабуул. Анын максаты - көп сандаган жайкын тургундардын курмандыктарына жана кыйроолоруна алып келүү»,- деди.

Орусиянын плотина жана аймактын бир жылдан ашуун көзөмөлүндө болгонун белгилеген Кыслица : «Суу сактагычты сырттан бомбалоо физикалык жактан мүмкүн эмес, дамба орус баскынчылары тарабынан миналанган жана жардырылды»,-деп айтты.

Бир тараптан БУУнун Эл аралык миграция уюмунун (IOM) баш директору Антонио Виторино Каховка суу сактагычына зыян келтирген кол салуунун миңдеген адамдын өмүрүн тобокелге салып, экологияга олуттуу зыян келтиргенин айтты.



Тектеш кабарлар