Абадагы көмүр кычкыл газынын деңгээлинин тез өсүшү

Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли адамдын түздөн-түз аракетинин натыйжасында көбөйүп жатканы айтылды.

1996551
Абадагы көмүр кычкыл газынын деңгээлинин тез өсүшү

Илимпоздор абадагы көмүр кычкыл газынын тездик менен көбөйүп жатканын эскертишти.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук Океан жана Атмосфера Башкармалыгы (NOAA) менен Калифорниядагы Скриппс Океанография институтунун окумуштуулары NOAAнын Мауна Лоа атмосфералык обсерваториясында өлчөнгөн көмүр кычкыл газынын деңгээлинин миллиондо 424 бөлүк (ppm) менен миллиондогон жылдар бою байкалбаган эң жогорку деңгээлге жеткенин жарыялашты.

Илимпоздор Түндүк жарым шарда көмүр кычкыл газынын деңгээли 2022-жылдын май айына салыштырмалуу 3,0 промиллеге, ал эми өнөр жайга чейинки мезгилге салыштырмалуу 50 пайыздан ашуун көбөйгөнүн жана бул көтөрүлүүнүн «тынымсыз уланып жатканын» маалымдады.

Атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли адамдын түздөн-түз аракетинин натыйжасында көбөйүп жатканы айтылды.

Мекеменин веб-сайтындагы маалымат жана графикада көмүр кычкыл газынын көрсөткүчүнүн өсүүсү акыркы он жылдагыдай улана турган болсо, 2035-жылы 450 промиллеге чыга турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар