Украинада Каховка ГЭСине сокку урулду

Украина армиясынын "Түштүк" операция  командирлигинин басма сөз катчысы Владислав Назаров орус армиясынын Херсон облусундагы Каховка дамбасына сокку урганын билдирди.

1995940
Украинада Каховка ГЭСине сокку урулду

Украинанын Херсон аймагындагы бирок орустардын көзөмөлүндөгү Каховка ГЭСи бомбаланды.

Украина армиясынын "Түштүк" операция  командирлигинин басма сөз катчысы Владислав Назаров орус армиясынын Херсон облусундагы Каховка дамбасына сокку урганын билдирди.

Бул тууралуу Назаров социалдык тармактагы баракчасында : «Орус баскынчы күчтөрү Каховка ГЭСин бомбалады. Кыйроонун көлөмү, суунун ылдамдыгы жана көлөмү, ыктымалдуу сел аймактары тактала баштады. Кырдаал көзөмөлдөнүүдө»,- деди.

Херсон аймактык аскердик башкаруусунун төрагасы Александр Прокудин да соцтармактан берген билдирүүсүндө сел коркунучу астындагы Днепр дарыясынын оң жээгинде жашагандардын эвакуацияланарын жарыялады.Прокудин : «Учурда дарыянын сол жээгинде жайгашкан элди эвакуациялоо мүмкүн эмес»,-  деди.

Украина президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак Каховка ГЭСиндеги кырдаал боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасады.

Бул окуя тууралуу президент Владимир Зеленскийдин Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Кеңешин чогултарын белгилеген Ермак : «Бул экологиялык кыргын. Орустар Херсон аймагынын түштүгүндө жана Крымда адамдарды иче турган суусунан  ажыратып, айрым отурукташуу жерлеринин жана биосферанын жок болушунан жооптуу болот»,- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактан берген билдирүүсүндө : «Орустар Каховка гидроэлектр станциясы суу сактагычын кыйратып, Украинанын бардык жерлеринен кулушу керектигин бүткүл дүйнөгө аныкташты»,- деди.

Зеленский : «Алар бир метр жерде да калтырылбашы керек. Анткени алар ар бир метрди террор үчүн колдонууда. Бир гана Украинанын жеңиши коопсуздукту кайра алып келет жана бул жеңиш ишке ашат. Террористтер Украинаны суу, ракета же башка бир нерсе менен токтото албайт»,- деди.

Бир тараптан Россия аннексиялаган Новая Каховка шаарынын мэри Владимир Леонтьев РИА Новости маалымат агенттигине Каховка ГЭСинин урашынан кийин суунун деңгээли 2,5 метрге көтөрүлгөндүгүн жана бардык кызматтардын ордунда экендигин  билдирди. 

Леонтьев  Каховка ГЭСи кыйрагандан кийин  болушу мүмкүн болгон сел коркунучунан улам айрым аймактарда эвакуациялоо талап кылынышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарльз Мишель Каховка ГЭСинин кыйрашынан Россияны күнөөлөп,  согуштук кылмыш деп жарыялады.

Мишель социалдык медиа аркылуу жасаган билдирүүсүндө  жарандык инфраструктураларды жок кылуунун согуш кылмышы экенин баса белгиледи.

Мишель бул боюнча Россия менен бирге аракет кылгандарды жоопкерчиликке тарта тургандарын белгиледи.

Мишель бул маселени  Европа Биримдигинин 29 - 30 -  июндагы  лидерлер саммитинде көтөрө турганын жана суу ташкыны коркунучу бар аймакка да жардам жөнөтүүнү сунуштай турганын жарыялады.

Ошол эле учурда Эл аралык Атом Энергиясы агнттиги Украинадагы Каховка ГЭСинин кыйратылышынын аймакка жакын жердеги Запорожье атомдук станциясына коркунуч туудурбагандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар