Швециянын коргоо министри Пал Жонсон приоритеттери НАТОго толук мүчө болуу экендигин айтты
Жонсон япон кесиптеши Ясуказу Хамада менен жолугушуу үчүн барган борбор шаар Токиодо пресс- жыйын өткөрдү.

Швециянын коргоо министри Пал Жонсон өлкөсүнүн приоритети НАТОго толук мүчөлүк экендигин билдирди.
Жонсон япон кесиптеши Ясуказу Хамада менен жолугушуу үчүн барган борбор шаар Токиодо пресс- жыйын өткөрдү.
Пал Жонсон 11-12-июль күндөрү Литванын борбору Вильнюс шаарында өтө турган НАТО саммитине чейин альянска мүчөлүктөн үмүттөнүшкөндөрүн баса белгилеп : «Швеция өкмөтүнүн башкы приоритети эң кыска убакытта НАТОго толук мүчө болуу»,- деди.
Түркия менен Венгриянын чечимине сый көрсөтүшкөндөрүн, Түркиянын тынчсызданууларына жооп бере турган террор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзамдарынын бар экендигин айткан Жонсон : «Швециянын НАТОго толук мүчөлүгү менен альянстын түндүк канаты бекемделет деген ойдобуз»,- деди.
Украинага курал жардамын берүүнү улантышарын жана мунун өздөрү үчүн маанилүү экендигин белгилеген Жонсон Россиянын Украина согушунда жеңишке жетишинин Швеция жана Европа коопсуздук саясаты үчүн апаат болорун белгиледи.
Өлкөсүнүн НАТОго кошулушунун АКШ жана Япония менен болгон карым-катнаштарын да бекемдей турганын белгилеген министр Жонсон, Россия- Украина согушу Европа - Атлантика менен Индо-Тынч океан аймагын жакындаткандан бери Швеция менен Япониянын бул күндөрдө ушуга окшогон кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айтты.
Тектеш кабарлар

Ливия селде каза болгон 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын жарыялады
Ливия Улуттук Өкмөтү акыркы 48 сааттын ичинде 64 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын билдирди.