ДССУ Африкадагы пластик колдонуу боюнча эскертти

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) билдирүү жасады.

1996020
ДССУ Африкадагы пластик колдонуу боюнча эскертти

Калктын санынын тездик менен өсүшү жана урбанизацияга байланыштуу Африка өлкөлөрүндө пластикти колдонуунун көбөйүп жатканы эскертилди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүндө, ДССУнун Африка боюнча аймактык бюросу менен Бириккен Улуттар Уюмунун экологияны коргоо программасынын (ЮНЕП) пластмассанын айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу үчүн Африка өлкөлөрүнүн улуттук программаларын биргелешип колдой турганы айтылды.  

Билдирүүдө Африка континентинин дүйнөдөгү пластик ресурстарынын 5 пайызын өндүргөнү жана 4 пайызын гана керектегени менен акыркы жылдарда калктын көбөйүшү жана урбанизациядан улам континентте бир жолку пластик колдонуунун көбөйгөнүнө көңүл бурулду.

Дүйнөдө пластикти эң аз керектеген аймактардын бири болгонуна карабастан континентте желим таштандылардын күйүп, туура ташталбагандыгынан экологиялык жана ден соолук көйгөйлөрү күчөгөнү айтылган билдирүүдө, Африкада желим иштетүүчү борбордун жоктугу айыл чарба аймактарынын жана суунун булганышына алып келгени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар