Блинкен : "Ирандын өзөктүк согушка жетишине жол бербейбиз"

Блинкен Вашингтондо өткөн Израилдин Коомдук байланыштар комитетинин (AIPAC) 2023-жылдагы Саясат саммитинде сөз сүйлөдү.

1996024
Блинкен : "Ирандын өзөктүк согушка жетишине жол бербейбиз"

Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ирандын өзөктүк согушка жетишине жол бербей тургандарын айтты.

Блинкен Вашингтондо өткөн Израилдин Коомдук байланыштар комитетинин (AIPAC) 2023-жылдагы Саясат саммитинде сөз сүйлөдү.

Израиль менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктүн турмуштун бардык тармактарына жайылганына көңүл бурган Блинкен, өкмөттөр ортосундагы кызматташтык элдердин ортосундагы байланыштар менен бекемделе тургандыгын белгиледи.

Блинкен АКШнын президенти Жо Байден башкаруусунун эки  тараптуу карым  - катнаштарды дагы да өнүктүрүү үчүн  иштеп жаткандыгын баса белгиледи. 

АКШнын Израилге аскердик жана каржылык жардам бергендигин, эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгуу жана изилдөө -  өнүктүрүү иштерин жүргүзгөндүгүн белгилеген Блинкен : «Израиль күчтөнгөн сайын Америка коопсуз болот»,- деди.

Блинкен Израилдин мыйзамдуулугуна шек келтирген жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши менен Адам Укуктары Кеңеши сыяктуу форумдарда Израилди изоляциялоо жана бутага алуу аракеттерине каршы чыккандарын айтты.  

Израилдин көптөгөн коркунучтар менен бетме – бет экендигин айтккан Блинкен : «Бирок Израиль туш болгон эң чоң коркунуч –  Иран режими»,-деди.

Блинкен Россиянын да Иранга куал жардам бергендигин белгилеп : « Ирандын өзөктүк согушка жетишүүсүнө уруксат бербейбиз»,- деди.

Байден башкаруусунун Иранга карата дипломатиялык, экономикалык кысым жана баш тарттыруучулук саясаттарды ишке ашыргандыгын  белгилеген Блинкен : «Эгерде Иран дипломатия жолун четке кага турган болсо, президент Байден ачык түрдө Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тоскоол болуу үчүн бардык варианттардын бар экендигин бир нече жолу кайталады»,- деди.

Мамлекеттик катчы Блинкен : «Израиль менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелердин нормалдашуусу АКШнын улуттук кызыкчылыктарын колдойт. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшыртууда роль ойношубуз керек. Мунун өтө тез же оңой болбой турганын билебиз, бирок  бул багытта аракет кылууну улантабыз»,- деди.

Бул жумада Жидда жана Эр-Рияд сапарында теманын күн тартибинде боло тургандыгына көңүл бурган Блинкен аймактык интеграция жана ырааттуулуктун Израилдин да, АКШнын да кызыкчылыгына  экендигин белгилеп : "Бирок интеграция жана нормалдаштыруу израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы алдыга жылуунун ордун баса албайт. Израилдин өнөктөштөрү менен мамилесин тереңдетүү Палестина элинин жыргалчылыгына жана эки мамлекеттүү чечимге салым кошуусу керек",- деп билдирди.  

Мамлекеттик катчы Блинкен эки мамлекеттүү чечимдин Израиль менен Палестинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөр аркылуу гана ишке ашарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар