Вершинин Дан келишимин узартууга сереп салды

Сергей Вершинин борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 2022-жылы 22-июлда Стамбулда кол коюлган жана 18-июлга чейин узартылган Кара деңиз дан коридору келишимине баа берди.

1995551
Вершинин Дан келишимин узартууга сереп салды

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Кара деңиз дан коридору келишимин узартуу мүмкүнчүлүгүн көрбөгөндөрүн айтты.

Сергей Вершинин борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 2022-жылы 22-июлда Стамбулда кол коюлган жана 18-июлга чейин узартылган Кара деңиз дан коридору келишимине баа берди.

Келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүн көрүп жатабы деген суроого жооп берген Вершинин:«Мүмкүнчүлүктү көрбөй жатабыз. Бирок, албетте, биз БУУнун өкүлдөрү менен келишимдин эки бөлүгү боюнча консультацияларды улантып жатабыз»,-деди.

Аммиак экспортунун да келишимдин алкагында экенине көңүл бурган Вершинин:«Стамбулда кол коюлган келишимдерге аммиак экспорту киргенин көп жолу айттык. Бул аммиакты коммерциялык келишим боюнча экспорттоого болот дегенди билдирет. Киев администрациясы бул маселени башка шарттарга же талаптарга байлоого аракет кылып жатканы абдан жаман жана ал кырдаалды бөгөттөп жатат»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар