Судандагы кагылышуулар...
Тараптар борбор шаар Хартумдун батышындагы Умдурман жана түндүгүндөгү Бахриде артиллерия, оор жана жеңил куралдар менен кагылышты.

Судан армиясы менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы ок атышпоонун акыркы күнү болгон кечээ да борбордун жанында кагылышуулар уланды.
Тараптар борбор шаар Хартумдун батышындагы Умдурман жана түндүгүндөгү Бахриде артиллерия, оор жана жеңил куралдар менен кагылышты.
Катуу кагылышуулардан улам кээ бир үйлөр талкаланып, тургундар коопсуз аймактарга качышты.
Армия бир кезде колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү бир армиядай мамиле кылганы үчүн коркунуч катары кабыл алган HDKнын 2 жылдын ичинде армияга толук кошулушун талап кылган, ал эми HDKнын болсо жарандык өкмөт түзүлгөндөн кийин болжол менен 10 жылга созулган процессте муну кабыл ала турганын жарыялоосу менен башталган кайым айтышуулар жана күчөгөн чыңалуу 15-апрель күнү эртең менен борбор шаар Хартумда жана ар кайсы шаарларда тараптардын ортосунда куралдуу кагылышууга айланган.
2019-жылы төңкөрүш менен бийликтен кулатылган президент Омар аль-Башир доорунда козголоңчуларга каршы күрөшүү, чек араларды коргоо жана тартипти сактоо үчүн согушкер түзүмү катары түзүлгөн HDKнын он миңдеген мүчөсү бар.
Өлкө ичинде бир миллиондон ашуун кишинин жер которууга аргасыз болгонун белгилеген Бириккен Улуттар Уюму 300 миң кишинин кагылышуулардан улам коңшу өлкөлөргө качканын жарыялады.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Суданда уланып жаткан кагылышуудан 850 киши каза болуп, 5500 киши жаракат алганын билдирди.
Суданда тараптар 29-майда азыркы ок атышпоону дагы 5 күнгө узартты.
АКШ жана Сауд Арабия, Судан армиясы менен бейөкмөт уюмдун ортосундагы кагылышууларды токтотуу үчүн Жиддада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн эки тараптын ок атышпоону бузууларынан улам токтотулганын жарыялады.