Украина армиясынын Белгородго жасаган кол салуусунда эки киши каза болду

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков соцтармактан маалымат берип, Украинанын куралдуу күчтөрү Соболевка айылындагы жеке үйлөр жайгашкан жерге «Град» ракетасын атканын билдирди.

1994819
Украина армиясынын Белгородго жасаган кол салуусунда эки киши каза болду

Россиянын Белгород аймагына карата украин армиясынын кол салуусунда эки кишинин каза болгону жарыяланды.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков соцтармактан маалымат берип, Украинанын куралдуу күчтөрү Соболевка айылындагы жеке үйлөр жайгашкан жерге «Град» ракетасын атканын билдирди.

Гладков :«Алгачкы маалыматтар боюнча эки адам каза болду. Бул адамдар кол салуу болгон учурда үйүнүн короосунда болушкан жана алган жарааттан улам каза болушту»,- деди.

Кол салуулардан кийин 2си бала болгон 6 кишинин жараланганын белгилеген Гладков, кээ бир үйлөрдө жана башка имараттарда материалдык чыгымдын болгонун билдирди.

Гладков кечээ Маслов айылындагы украин күчтөрүнүн кол салуусунан 2 кишинин каза болгонун белгилеген.

Россиянын  Украина  чек арасында жайгашкан Белгород облусунда акыркы учурларда украин күчтөрүнүн чабуулдары көбөйдү. Өткөн күндөрү Украинадан да диверсиялык топ Россиянын чек арасына кирип, орус коопсуздук күчтөрү менен кагылышуулар болгон.

Россия өлкөнүн чек арасында украин күчтөрүнүн аракеттерин “террордук чабуул” деп мүнөздөдү.

Украин армиясынын көп стволдуу ракета аткыч системасы менен жасаган чабуулдарынан улам аймакта убактылуу эвакуация борбору түзүлүп, чек ара аймагына жакын конуштарда жашаган жүздөгөн киши бул борборлорго көчүрүлдү.

2022-жылдын 24-февралында Россиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйругун берип,  Россия  - Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Россиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.

 



Тектеш кабарлар