Зеленский, НАТОго мүчөлүк, Приднестровье маселеси
Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго мүчө болуу Украина үчүн эң жакшы коопсуздук кепилдиги экендигин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго мүчө болуу Украина үчүн эң жакшы коопсуздук кепилдик экендигин билдирди.
Зеленский Молдовада Украина чек арасына 20 километр алыстыкта жайгашкан тарыхый Мими сепилинде өткөрүлгөн Европа саясий коомчулугунун саммитинен кийинки маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Президент Зеленский "Украина НАТО менен жакындашууда алдыга кадам таштоо үчүн баарын жасашы керек жана бул белгилерди альянска мүчө мамлекеттерден алышы керек",- деди.
Украина НАТОнун курамында болгондо Россия кол салбайт болчу деп баа берген Зеленский : «Бул НАТОнун эң жакшы коопсуздук кепилдиги экендигин көрсөтүүдө»,-деди.
Зеленский Батыш өнөктөштөрүнө Украинаны Ф - 16 учактары менен камсыздоо чечими үчүн ыраазычылык билдирип, заманбап согуштук учактарга муктаж экенин баса белгиледи.
Молдованын ичинде жайгашкан жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Приднестровье аймагы маселесине да токтолгон Зеленский, бул маселенин чечилишине байланыштуу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун алкагында Приднестровье, Молдова, Россия, Украина, АКШ менен ЕККУ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрүнөн турган 5 + 2 форматынын «жансыз экендигин белгиледи.
Румыниянын жана башка өнөктөштөрдүн Приднестровье проблемасынын чечилишине катыша аларына көңүл бурган Зеленский : «Бирок Украина чечүүчү ролдордун бирин сөзсүз ойнойт. Анткени биздин жалпы чек арабыз бар»,- деди.
Зеленский маселенин чечилишинде бир гана Молдованын талабы боло турган болсо каршылык көрсөтүшөрүн жана жардам бере алышарын айтты.