UNRWA ири каржылык кризиске дуушар болууда

Лазарини бүгүн БУУда UNRWA үчүн уюштурула турган милдеттенмелер конференциясынын алдында журналисттерге билдирүү жасады.

1994389
UNRWA ири каржылык кризиске дуушар болууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини агенттиктин чоң каржылык кризиске туш болгонун айтты.

Лазарини бүгүн БУУда UNRWA үчүн уюштурула турган милдеттенмелер конференциясынын алдында журналисттерге билдирүү жасады.

Кризистин UNRWAнын милдетин аткарышына тоскоол болгонун белгилеген Лазарини, кээ бир донор өлкөлөрдүн салымдарын азайта турганын жарыялоосунун абалды дагы да курчутканына көңүл бурду.

UNRWAнын БУУнун башка агенттиктеринен негизги айырмасынын мамлекеттер сыяктуу «коомдук кызмат» көрсөткөндүгүн айткан Лазаррини: «Учурдагы кырдаал боюнча сентябрдан кийин мектептерди, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана негизги кызматтарды тейлөө үчүн бизде каражат жана акча түгөнөт. Гуманитардык операцияларды улантуу үчүн да каражат керек»,-деп эскертти.

UNRWAнын ресурстары акыркы 10 жылда азайып аймактагы көйгөйлөрдүн көбөйгөнүн жана Израиль-Палестина маселесинен саясий чечүүчү жолдун алыстаганын белгилеген Лазаррини: «Эскертүү коңгуроолорун кагышым керек. Биздин бүгүнкү абалыбызды сактап калуу мүмкүн эмес»,-деди.

Араб аймагындагы өлкөлөрдүн салымдарынын да олуттуу түрдө азайганын билдирген Лазаррини: «Салттуу түрдө каржылаган өлкөлөр өз салымын кайрадан көбөйтөт деп үмүттөнөм»,- деди.

1949-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан; Иордания, Сирия, Ливан, Батыш Шериа жана Газадагы палестиналык качкындарга жардам берүү максатында түзүлгөн UNRWA 5,6 миллион палестиналык качкынга кызмат кылууда. 



Тектеш кабарлар