Путин : "Россиядагы абалдын бузулбашы үчүн колубуздан келгенди аткарышыбыз керек"

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Росиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

1994694
Путин : "Россиядагы абалдын бузулбашы үчүн колубуздан келгенди аткарышыбыз керек"

Россиянын президенти Владимир Путин : "Россиянын жамандыгын каалагандар өлкө ичиндеги кырдаалды курчутуу аракетин күчөтүштү. Мунун эч кандай шартта болбошу үчүн колдон келгендин баарын аткарышыбыз керек", - деди.

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Росиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Путин пресс-конференцияда сөз сүйлөп, акыркы убактарда өлкөсүндөгү түрдүү этникалык топтордун ортосундагы карым-катнаштардын үстүндө иштеп жатышканын айтты.

Бул теманын Россия үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилеген Путин : "Бул 190 түрдүү этностор жашаган Россия Федерациясы үчүн өтө маанилүү маселе",- деди.  

Жолугушууда Россиянын ички коопсуздугуна байланыштуу маселелердин да карала турганын белгилеген Путин : "Россиянын жамандыгын каалагандар өлкө ичиндеги кырдаалды курчутуу аракетин күчөтүштү. Мунун эч кандай шартта болбошу үчүн колдон келгендин баарын аткарышыбыз керек",- деди.



Тектеш кабарлар