БУУ: "1900 кеме текшерилди"
Кара деңиз дан демилгесинин координатору Абдуллах Абдуссамед Дешти маалымат берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кара деңиз дан демилгеси боюнча координатору Абдуллах Абдуссамед Дешти, демилгенин алкагында 30,5 миллион тонна дан ташыган 1900дөн ашуун кеменин текшерилгенин айтты.
Абдуссамед менен Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала ДСУ тарабынан уюштурулган "Кара деңиз дан демилгеси" темалуу иш-чарада сөз сүйлөдү.
Кара деңиз дан демилгесинин алкагында 1900дөн ашуун кемени текшергендерин белгилеген Абдуссамед: «Текшерүү тобу 7 күн иштейт. Бул чындыгында оңой иш эмес»,-деди.
БУУнун ортомчулугу менен ишке ашырылган демилгенин май айынын орто ченинде экинчи жолу узартылганын эске салган Абдуссамед, алгачкы эки мезгилде демилгенин Орусия менен Украинадан 45 өлкөгө 30,5 миллион тонна дан жана азык-түлүк ташылышын жеңилдеткенин, азык-түлүктүн дүйнөлүк баасын төмөндөткөнүн жана рынокту турукташтырганын айтты.
Оконжо-Ивеала болсо Кара деңиз аймагындагы кагылышуу, Украинадагы согуш жана эпидемия менен болгон кризистердин азык-түлүк жана энергетика тармагында да кризиске алып келгенин билдирди.
ДСУга мүчө өлкөлөрдүн көбүнүн азык-түлүктүн кымбаттыгынан жана дан менен жер семирткичке жетүүдөгү көйгөйдүн натыйжасында бул маселеге өзгөчө көңүл бурганын айткан Оконжо-Ивеала, азык-түлүккө жеткиликтүүлүк жагынан жакшыраак абалда экендерин маалымдады.