Азербайжан, Армения, Германия жана Франциянын лидерлери менен ЕБ өкүлдөрү Молдовада жолугушту
Жыйынга байланыштуу билдирүү жасаган Европа кеңешинин төрагасы Мишель, мурда Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө каралган тынчтык келишими, транспорт, коопсуздук жана чек араны аныктоо иштери сыяктуу бардык темаларды талкуулагандарын айтты.

Азербайжан, Армения, Германия жана Франциянын лидерлери менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Молдовада жолугушту.
Европа саясий шериктештигинин (АСТ) саммити өткөрүлгөн Молдованын Булбоака шаарындагы тарыхый Мими сепилинде уюштурулган 5 тараптуу жыйынга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Евробиримдик кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц катышты.
Жыйынга байланыштуу билдирүү жасаган Европа кеңешинин төрагасы Мишель, мурда Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө каралган тынчтык келишими, транспорт, коопсуздук жана чек араны аныктоо иштери сыяктуу бардык темаларды талкуулагандарын айтты.
Азербайжан менен Армениянын лидерлерин жолугуштура турган кийинки жыйындын 21-июлда Брюсселде болоорун белгилеген Мишель: «Биз мамилелерди нормалдаштыруу боюнча бардык позитивдүү аракеттерди колдойбуз»,-деди.
Алиев, Пашинян, Макрон жана Шольц менен күзүндө Испанияда боло турган кийинки АСТ жыйынында кайрадан жолугушууну чечкендерин белгилеген Мишель: «Евробиримдик катары мамилелерди нормалдаштырууга жардам берүү жана прогресс үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар

Захарова: «Зенгезур нормалдаштыруу үчүн маанилүү»
Захарова борбор шаар Москвада жумалык маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.