АКШ менен Сауд Арабия Судан сүйлөшүүлөрүн токтотту

Америка Кошмо Штаттары  жана Сауд Арабия, Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууларды токтотуу үчүн Жидда шаарындагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн токтотулганын жарыялады.

1994493
АКШ менен Сауд Арабия Судан сүйлөшүүлөрүн токтотту

Америка Кошмо Штаттары  жана Сауд Арабия, Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышууларды токтотуу үчүн Жидда шаарындагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн токтотулганын жарыялады.

АКШнын Хартум элчилигинин социалдык медиа эсептеринен бөлүшүлгөн эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө бул чечимдин Судан куралдуу күчтөрү жана Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан жарыяланган ок атышпоо келишимдерин бузууларынан улам чыгарылганы белгиленди.

Билдирүүдө бул мыйзам бузуулардын ок атышпоонун бутасы болгон гуманитардык жардамдын жеткирилишине жана негизги кызматтардын калыбына келтирилишине тоскоол болгону, эки тараптын көзөмөлүндөгү аймактардагы кампалардын тонолгондугу ортого салынды.

Билдирүүдө Сауд Арабия менен АКШнын гуманитардык жардам көрсөтүү жана негизги кызматтарды калыбына келтирүү үчүн конкреттүү кадамдар ташталгандан кийин Жидда сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо үчүн тараптар менен олуттуу түрдө иштешүүгө даяр экени баса белгиленди.

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосундагы кагылышууларды токтотуу үчүн Сауд Арабиянын Жидда шаарында тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 11-майда «Жидда декларациясына» кол коюлган.

Декларацияда Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчүнүнкалкка зыян келтире турган ар кандай кол салуудан алыс боло турганы билдирилип, эки тарап үчүн Судан элинин кызыкчылыгынын биринчи орунда экени баса белгиленди.

Тараптар кагылышууларга туруктуу чечим табуу үчүн сүйлөшүүлөрүн улантып жаткан учурдаэки ок атышпоо жарыяланды, бирок ок атышпоо ишке ашырылбастанкагылышуулар улантылды.



Тектеш кабарлар