Сингапурдун премьер-министринин Ковид-19 тестти кайрадан оң чыкты

Фейсбуктагы билдирүүсүндө Ли оң чыккан Ковид-19 тесттинин фотосүрөтүн бөлүштү.

1994112
Сингапурдун премьер-министринин Ковид-19 тестти кайрадан оң чыкты

Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лундун коронавирус (Ковид-19) тестти эки жумадан кийин кайрадан оң чыкты.

Ли Фейсбуктагы билдирүүсүндө оң чыккан Ковид-19 тесттинин фотосүрөтүн бөлүштү.

Билдирүүсүндө өзүн жакшы сезгенин белгилеген Ли, дарыгерлердин Ковид-19дун көп өтпөй кайталанганын жана мунун ооруга мурда чалдыккандардын 5-10 пайызында байкалганын айтты.

Ли вирустун дагы деле жугуштуу болуу ыктымалына каршы өзүн-өзү изоляциялоо сунушталганын айтты.

Сингапурдун премьер-министри Австралиянын премьер-министри Энтони Албанес менен эртеңки эки тараптуу жолугушууга катыша албайт.

Албанес Твиттердеги баракчасынан, Лиге телефон чалып жакшы каалоо-тилектерин айтканын жана Линин ордуна анын орун басары Лоуренс Вонг менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

Ли 22-майда Африка жана Азияга саякаттап, өлкөсүнө кайтып келгенден кийинки Ковид-19 тестинин оң чыкканын кабарлаган.

Ноябрда акыркы Ковид-19 вакцинасын алганын айткан Ли, сингапурдуктарды ооруну жеңил өткөрүүлөрү үчүн үзгүлтүксүз эмделүүгө чакырган.



Тектеш кабарлар