Россиянын Киевге кол салуусунда 3 киши каза болду

Орус армиясынын кечээ Украинанын борбор шаары Киевге жасаган абадан кол салуусунда 3 киши каза болуп алардын экөөсү бала болгон жана 10 киши жараланды.

1993949

Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко социалдык тармактар ​​аркылуу берген маалыматында орустардын түнү Киевге кол салгандыгын,  1-Июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүндө балдарды өлтүрүшкөнүн билдирди.

Кол салууда Россиянын канаттуу жана баллистикалык ракеталарды колдонгонун белгилеген Попко : «Аныкталган бардык аба буталары коргонуу күчтөрүбүз жана унааларыбыз тарабынан жок кылынды»,-деди.

Попко ракета бөлүктөрүнүн адамдадын өлүмүнө жана кыйратууга себеп болгондугун белгилеп : «Бөлүктөр борбор шаардын  Десна кичи районундагы поликлиника жана анын жанындагы көп кабаттуу үйдүн ичине келип түшкөн. Мунун натыйжасында 3 адам каза болуп, 10го жакыны жаракат алган. Эң жаманы каза болгондордун арасында 2 бала да бар" ,- деди.

Попко ракета бөлүктөрүнүн келип түшүшү менен Днепр районунда бир үйдүн жабыркагандыгын, токтоп турган унаалардын өрттөнгөнүн билдирди.

Тектеш кабарлар