Немис ички иштер министри : "Ашыкча оңчулдар демократия үчүн эң чоң коркунуч"
Нэнси Фазер ашкере оңчул Стефан Эрнст тарабынан өлтүрүлгөн губернатор Вальтер Любккенин өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Германиянын ички иштер министри Неси Фазер : "Ашыкча оңчулдар демократия үчүн эң чоң коркунуч",- деди.
Нэнси Фазер ашкере оңчул Стефан Эрнст тарабынан өлтүрүлгөн губернатор Вальтер Любккенин өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Кол салууну дагы бир жолу айыптаган Фаезер: "Бул кол салуу бизге оңчул экстремизм жана оңчул терроризм жараткан өлүм коркунучуна эч качан жеңл карабашыбыз керектигин көрсөттү. Радикалдашууну алгачкы этапта байкап, алдын алып, экстремисттерди көзөмөлдөп, куралсыздандыруу керек",- деди.
Министр Фазер ашынган оңчулдарга каршы стратегиялардын борборунда алдын алуунун орун алышы керектигин белгилеп : «Ашынган оңчул демократиябыз үчүн абдан чоң коркунуч»,- деди.
Фазер : "Жергиликтүү саясатчынын адамгерчилиги, ачыктыгы жана качкындарга карата адамгерчиликтүүлүгү үчүн неонацист тарабынан атылышы бүгүнкү күндө да акылга сыйбас кылмыш бойдон калууда. Вальтер Любккенин өлүмү – абдан чоң жоготуу", - деди.
Фаезер жек көрүүчүлүк кылмыштары менен күрөшүү жана ашынган оңчул зомбулук чыккан жерди жок кылуу үчүн баарын аткарышарын баса белгиледи.
Кассел губернатору Вальтер Любкке 2015-жылы Германияга качкындардын келишин сындагандарга каршы: "Бул баалуулуктарды бөлүшпөгөндөр каалаган убакта бул өлкөдөн чыгып кете алышат. Ар бир немис муну аткарууда эркин" ,- деген жана анын бул сөздөрүнө ашкере оңчул чөйрөлөр каршылык көрсөткөн.
Губернатор Любкке 2019-жылы 2-июнда үйүнүн бакчасында неонази Стефан Эрнст тарабынан атылып өлтүрүлгөн.