Ким Ё Чжон космоско спутник учура тургандарын билдирди

Йонхаптын кабарына караганда, Ким Ё Чжон АКШнын Түндүк Кореянын космоско баллистикалык спутник учуруу аракетин айыптоосуна каршылык көрсөттү.

1994060
Ким Ё Чжон космоско спутник учура тургандарын билдирди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон, өлкөсүнүн аскердик чалгын спутнигин учуруу аракетинин ишке ашпай калганына байланыштуу жакын арада космоско спутниктерди «туура» учура тургандыктарын айтты.

Йонхаптын кабарына караганда, Ким Ё Чжон АКШнын Түндүк Кореянын космоско баллистикалык спутник учуруу аракетин айыптоосуна каршылык көрсөттү.

Ким Ё Чжон жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Эгер Түндүк Кореянын спутник учуруусу өзгөчө тоскоол болсо, миңдеген спутниктерди учурган АКШ жана башка өлкөлөр айыпталышы керек. Түндүк Кореянын аскердик чалгын спутнигинин жакын арада учурулары жана кызматын баштары анык»,-деди.

Өлкөсүнүн аскердик тыңчы спутнигине ээ болушунун «душмандардын» эң көп корккон нерсеси экенинин дагы бир жолу далилденгенине көңүл бурган Ким Ё Чжон, чалгын спутнигин өнүктүрүү үчүн дагы көп аракет кылуу зарылдыгын түшүнүшкөндөрүн баса белгиледи.

Ким Ё Чжон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореянын баллистикалык технологияны колдонуусуна тыюу салган резолюциясынын өлкөсүнүн космостон пайдалануу укугун бузганын айтты.

Өлкөсүнө каршы «душмандык саясат» жүргүзгөн АКШ менен диалог курууга муктаж эмес экендиктерине көңүл бурган Ким Ё Чжон: «Алар Түндүк Кореяга каршы душмандык саясаттын жардам бербестигин түшүнүшү үчүн биз агрессивдүү позициябыз менен каршы туруу жолубузду улантабыз»,-деди.

Түндүк Кореянын кечээ эртең мененки учуруусунун, ракета алып жүрүүчү системасындагы мүчүлүштүктөн улам ишке ашпай калганы кабарланган.

Америка Кошмо Штаттары жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да Түндүк Кореянын баллистикалык ракета технологиясын колдонуу менен аскердик тыңчы спутнигин учуруу аракетин айыпташкан.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынан улам киргизилген санкциялардын алкагында башкарылуучу ракеталык технология менен учурууга тыюу салган.



Тектеш кабарлар