Кенияда бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Кенияда бийликтеги партия менен негизги оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр белгисиз мөөнөткө токтотулду.

1994139
Кенияда бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Кенияда бийликтеги партия менен негизги оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөр белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Эки тараптуу сүйлөшүү тобунун башчысы Отьенде Амоло прессага оппозициянын талаптары аткарылбагандыктан сүйлөшүүлөрдүн токтотулганын билдирди.

Улуттук шайлоо комиссиясына дайындоолор жана өзгөртүүлөр боюнча пикир келишпестиктерден улам аяктаган сүйлөшүүлөрдө кымбатчылык жана комиссиянын маалымат борборлорунун коргоого алынышына байланыштуу маселелер да талкууланды.

Оппозициядагы Азимио коалициясы менен бийликтеги Кения Кванза альянсынын ортосундагы сүйлөшүүлөр оппозициянын март айында көчөлөргө чыгышы менен башталган.

Азимио лидери Раила Одинга өткөн жылы болгон президенттик шайлоодо алдамчылыктын болгондугун жактап, кымбатчылыкты токтотуу жана Шайлоо Комиссиясындагы дайындоолордун токтотулушу үчүн чукул түрдө чара көрүүнү талап кылган.

Президент Уильям Руто талаптардын парламентте талкууланарын билдирип, нааразылык акцияларын токтотууга чакырды.

Ал эми оппозициялык фронт Рутонун «диалог» чакырыгынан кийин нааразылык акцияларын токтотту.



Тектеш кабарлар