Индиянын Манипур штатында каза болгондордун саны 80ден ашты

Манипурдун премьер  - министри Нонгтомбам Бирен Сингх штаттагы зомбулуктан улам калктын турмушундагы кыйынчылыктарга көңүл бурду.

1994111
Индиянын Манипур штатында каза болгондордун саны 80ден ашты

Индиянын Манипур штатында Мейтей коомунун "Пландалган уруу" категориясына кошулбады деген негиз менен башталган сокку окуяларында каза болгондордун саны 80ден ашты. 

Индияда берүүлөрүн эфирге чыгарган NDTVнын кабарына караганда май айынын баштарында Манипурда башталган "этникалык зомбулук" окуяларында 80ден ашуун киши каза болуп, кеминде 300 киши жараланды.

Коопсуздук жетекчилери Манипурдун түрдүү аймактарында коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин ортосунда азыр да кагылышуулардын болуп жаткандыгын белгилешти.

Манипурдун премьер  - министри Нонгтомбам Бирен Сингх штаттагы зомбулуктан улам калктын турмушундагы кыйынчылыктарга көңүл бурду.

Премьер  - министр Сингх жарандардын өмүрү жана мал  - мүлкүнүн коопсуздугун түзүү жана окуялардан качкандар баш калкалаган лагерлердеги кыйынчылыктардын жеңилдетили максатында манипурлуктардан коменданттык саат эрежелерин бузбашын жана жолдорду жабууну токтотуусун суранды. 

Коопсуздук күчтөрүнүн жана жардам каражаттарынын эркин кыдырышына тоскоол болбоого чакырган Сингх коопсуздук күчтөрүнөн тонолгон  куралдарды тапшырууну суранып, уруксаты жок курал ташыгандарга мыйзамдуу чара көрүлөрүн эскертти.

Штаттын калкынын 53 пайызын түзгөн Мейтей коомчулугу “Пландалган уруу” категориясына кирбеди  деген себеп менен митинг уюштуруп, калктын 30 пайызга жакынын түзгөн кукилер да араларында болгон  топтордун көрсөткөн каршылыгы зордук-зомбулукка жол ачууда. 

4 -  майда аскерге "атуу" буйругу берилген Манипурдагы зомбулук окуяларынан улам 40 миңден ашуун киши жер которду. 

 



Тектеш кабарлар