Франциянын тышкы иштер министри Украинанын НАТОго кошулушун жактай тургандарын билдирди.
Колонна Норвегиянын борбор шаары Ослодо болгон НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий болбогон жыйынына кирип баратып маалымат берди

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна эгемендүү мамлекеттердин өз союздаштарын эркин тандоо укугуна ээ экендигин, ошондуктан Украинанын НАТОго кошулушун жактай тургандарын билдирди.
Колонна Норвегиянын борбор шаары Ослодо болгон НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий болбогон жыйынына кирип баратып маалымат берди.
Жыйындын негизги темасынын Украина - Россия согушу болорун айткан Колонна биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Украина темасында ырааттуу жана жоопкерчиликтүү кыймыл кылышы керектигин баса белгиледи.
Министр Колонна өлкөлөдүн Украинага коопсуздук боюнча милдеттенмелерин биринчи орунга коюшу керектигин белгилеп : "Бардык эгемендүү мамлекеттердин союздаштарын эркин түрдө тандоо укугуна ээ экендигин эскертишиим керек. Биз бул өлкөгө сый көрсөтүүдө чечкиндүүбүз",- деди.
Швециянын НАТОго мүчөлүгүн да талкуулай тургандыктарын белгилеген Колонна Швециянын альянска кошулушу жана байкоочу болуу менен бирге Финляндиядагыдай Европанын коопсуздугун чыңдай турганын белгиледи.
Кэтрин Колонна Косовонун түндүгүндөгү чыңалуунун да күн тартибинде болгонун белгилеп, окуялардан Косово менен Серб тараптын жооптуу экендигин айтты.
Тараптардын Европа Биримдигине кирүү каалоосу болсо, «жоопкерчиликтүү кыймылдашы» керектигин белгилеген Колонна тараптарды «тынчтыктын түзүлүшү үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга» чакырды.
Тектеш кабарлар
АКШ Кубада болгон кол салууну айыптады
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан жазуу түрүндө маалымат берди.